«Айыл Банктын» кызматкерлери улуттук валюта – сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата спорттук жарышка катышты

14.05.2023

«Айыл Банктын» кызматкерлери улуттук валюта – сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата спорттук жарышка катышты.

2023-жылдын 14-майында «Адинай» жана «Ынтымак» сейил парктарынын аймагында Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган спорттук жарыш болуп өттү.

Жарышка үч жаш категориясы боюнча 750дөн ашык адам катышты.

«Айыл Банктын» кызматкери Зарлыкова Бермет Айтбековна 6 км аралыкты 28 мүнөттө чуркап, байгеге ээ болду.

Берметти жеңиши менен куттуктайбыз жана биздин банктын ар бир кызматкеринин жетишкендиктери менен сыймыктанабыз!

← Тизме боюнча артка