Көңүл буруңуз, "Айыл Банк" ААКсы Эне күнүнө карата эч кандай ойнотууларды өткөргөн жок

16.05.2023

Абайлаңыз, шылуундар!

Көңүл буруңуз, "Айыл Банк" ААКсы Эне күнүнө карата эч кандай ойнотууларды өткөргөн жок.

Сак болууңуз жана мессенджер, SMS, e-mail аркылуу келген ишенимсиз шилтемелерге кирбеңиз.

Шылуундар Банктын атынан акча каражаттары ойнотулуп жаткандыгы жана ал каражаттарды алуу үчүн сиздин банктык картаңыздын маалыматын киргизүү зарыл экендиги тууралуу жалган маалыматтарды активдүү таркатууда.

Сиздин финанслык коопсуздугуңуз үчүн Банк сизге жеке маалымат анын ичинде
• картаңыздын номерин
• PIN кодуңузду
• картанын жарактуулук мөөнөтүн
• CVV/CVC коддорун (коопсуздук коддору, картанын арткы бетинде кол коюу тилкесинде жазылган акыркы 3 цифра)
• SMS тастыктоо коддорун (тексттик билдирүүлөрдө келген)
камтыган маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга билдирбөөңүздү сунуштайт.

Эгерде сиз алдамчылык фактыларына туш болсоңуз же шылуундардын сиздин маалыматтарыңызга жетүүгө аракет кылып жаткандыгынан шектенсеңиз, Банктын Байланыш борборуна 24/7 кайрылууңузду суранабыз:

5511 (чалуу акысыз)
0770 55-11-00 (WhatsApp)
0312 68-00-00

← Тизме боюнча артка