«Айыл Банк» таза пайданын 100% же 4,2 млрд сом өлчөмүндө дивиденд төлөдү

17.05.2023

15-майда «Айыл Банк» ААКсынын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу (АКЖЧ) болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Банктын акционерлери 2022-жылга таза пайданын 100% же 4,2 млрд сом өлчөмүндө дивиденддерди төлөө чечимин кабыл алышты.

«Айыл Банктын» бирден-бир акционери мамлекет болуп саналаарын, анын 100% акциясына ээлик кылаарын кошумчалайбыз.

АКЖЧнын жыйынтыгы боюнча Банктын уставдык капиталды 7,6 млрд сомдон 12,4 млрд сомго чейин көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Ошентип, «Айыл Банк» уставдык капиталдын көлөмү боюнча Кыргызстандагы эң алдыңкы банк болду.

2022-жыл ичинде «Айыл Банк» дагы финансылык көрсөткүчтөрү боюнча, тактап айтканда таза киреше, активдер жана кредит портфели боюнча №1 банк болот.

← Тизме боюнча артка