«Айыл Банк» ААКсында ислам принциптери боюнча каржылоо шарты колдонууга киргизилди!

08.06.2023

«Айыл Банк» ААКсында ислам принциптери боюнча каржылоо шарты колдонууга киргизилди! 
⠀ 
Мурабаха – бул, Банк менен кардар ортосунда келишилген бүтүм, анда кардардын тапшырмасы боюнча Банк тарабынан сатылып алынган товарды бөлүп төлөө шартында сатуу каралган. Банк мындай бүтүмдө товар наркын жана ага үстөк бааны ачык көрсөтөт. 
⠀ 
Мындан ары кардарлар төмөнкү багыттарда алгылыктуу шарттарда ислам принциптери боюнча каржылоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алат: 

  • Автокаржылоо 
  • Бизнес каржылоо 
  • Ипотекалык каржылоо 
  • Айыл чарбасын каржылоо 
  • Керектөөлөрдү каржылоо 
  • Товарлар үчүн бөлүп төлөө 

⠀ 
Төмөндөтүлгөн тарифтер боюнча акция 2023-жылдын 31-августуна чейин улантылат! 
⠀ 
Ислам принциптери боюнча каржылоону учурда Банктын Аламүдүн филиалы жана "Ош-Датка" филиалы ишке ашырууда –

  • Аламүдүн филиалынын дареги: Бишкек шаары, 7-к/р, Б.Юнусалиев  көч., 173/1; 
  • "Ош-Датка" филиалынын дареги: Ош шаары, Ленин  көч., 313. 

⠀ 
Толук маалымат алуу үчүн 5511 кыска номерине же 0312 680000 номерине кайрылсаңыздар болот. 

← Тизме боюнча артка