«Айыл Банк» ААК жана Mashreq Bank корреспонденттик мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту

26.06.2023

«Айыл Банк» ААК жана Mashreq Bank корреспонденттик мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Кыргыз банктарынын арасынан эң биринчилерден болуп, «Айыл Банк» ААК ири банктардын бири БАЭ Mashreq Bank менен корреспонденттик мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашууга кол койду.

Эл аралык өнөктөш менен түзүлгөн келишимдин аркасында «Айыл Банктын» кардарлары ортомчусуз дирхам валютасында төлөмдөрдү жүргүзө алышат. Банк өз кезегинде сооданы каржылоо жана казыналык операциялар боюнча иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн ачат. Бул атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Корреспонденттик эсеп ачуу- бул өлкөлөр деңгээлиндеги  программаларга жол ачкан дагы бир ийгиликтүү долбоор болуп эсептелет.

Буга чейин болуп өткөн эки банктын жолугуушусунда Mashreq Bank    Кыргызстандагы эң ири банктардын бири болгон "Айыл Банк"  менен мамиле түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташуунун келечегин талкуулашкан.

Бүгүнкү күндө, «Айыл Банк» финансылык көрсөткүчтөрү, анын ичинде уставдык капиталы боюнча өлкөнүн коммерциялык банктарынын арасында лидер болуп саналат. Финансы институту 27 жылдан бери кыргызстандыктарга ыңгайлуу болуу үчүн дайыма инновациялык продуктуларды киргизип, жогорку кесиптик деңгээлде банктык кызматтардын кеңири спектрин сунуштап келет.

Шилтеме:

Mashreq Банк БАЭдеги эң эски жеке банк. Ал 1967-жылы негизделген, Жакынкы Чыгыштагы эң эски банк мекемелеринин бири. Финансы институту продуктылардын жана кызматтардын кеңири спектрин сунуш кылган универсалдуу банк болуп саналат. Банк кирешенин ар кандай булактарын сунуштайт: коммерциялык жана инвестициялык банк иши; жеке банкинг; казына жана капитал рыноктору; шарият принциптерине ылайык келген банктык жана эл аралык банктык кызматтар. Банктын 9 өлкөдө, анын ичинде Европа, АКШ, Азия жана Африкада 12 чет өлкөлүк өкүлчүлүгү бар.

«Айыл Банк» ААК Кыргыз Республикасынын эң ири финансылык институттарынын бири, 100% акциялары Өкмөткө таандык. Банк салттуу жана санариптик кызматтарды көргөзөт. 2022-жылдын жыйынтыгы  жана каржылык көрсөткүчтөр боюнча Банк  өлкөнүн банктык рыногунда лидерлик  позициясын ээлейт. «Айыл Банктын» ири тармагы бар, анын ичинде 38 филиал, 27 аймактык өкүлчүлүк, 35 көчмө жана 63 сактык касса, ошондой эле 10 чакан кеңсеси бар. Алардын жалпы саны 173 пунктту түзөт.

← Тизме боюнча артка