“Айыл Банк” ААКтын жетекчилиги Росагролизингдин жетекчилиги менен жолугушту.

18.10.2016

Банктын жетекчилиги Росагролизингге тажрыйба менен бөлүшү жана Коомдун лизинг ишинин негизги багыттары жөнүндө, кардарлар менен жана техниканын өндүрүүчүлөрү менен эмгектенүүнүн шарттары жөнүндө айтып берүү суранычы менен кайрылды.  

Жолугушуунун башында Бактыгуль Жеенбаева Кыргызстанда лизинг компаниялары жок эсе  болгону жөнүндө айтып берди. Лизингге ар кандай техниканы бир нече жеке банк гана сунуштайт. Ошондуктан “Айыл Банк” ААКтын жетекчилиги тарабынан айыл чарба техниканын лизинг багытын ачуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

«Кыргызстанда машина-трактордук паркты жаңыртууда муктаждык абдан чоң, себеби айыл чарба машиналар көп жылдык колдонуудан жана моралдык жагынан эскирген. Бирок заманбап айыл чарба техникасын сатып алуу үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн каражаттары жок. Ошондуктан лизинг кызматтарына, ошондой эле россиядан чыккан техникага суроо-талап абдан чоң. Ошого байланыштуу биз өлкөбүздөгү айыл чарба техниканын лизинг багытын өнүктүрүүнү чечтик», - деп Бактыгуль Жеенбаева баяндады.

«Россиянын эң ири лизинг компаниясы  Росагролизингдин иши жөнүндө көбүрөөк билгибиз келет. Иш натыйжалуу болуу үчүн билимдериңизди жана тажрыйбаңызды негизге алуу – биз үчүн абдан маанилүү», - деп, “Айыл Банк” ААКтын Төрагасы жыйынтыктады.

Ошондой эле тараптар Республиканын айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн мамлекеттер аралык лизинг мүмкүнчүлүктөрүн тартуу маселесин талкуулашты. “Росагролизинг үчүн  Кардар менен иштин негизги фактору болуп контрагенттин төлөм кудурети жана лизинг төлөмдөрдүн кайтарымдуулугу саналат”,- деп, Валерий Назаров ушул маселе боюнча  тактап кетти.

← Тизме боюнча артка