Айыл Банктын 27 жылдыгын майрамдоо!

03.07.2023

Бүгүн биз Айыл Банктын 27 жылдыгын майрамдоо менен бирге эле, сапаттуу гана кызмат көрсөтүүлөрдү  сунуштоого жетишкен ийгиликтүү жылдардын бирин календарда белгилеп жатабыз! 


«Айыл Банк» ачык акционердик коому 1996-жылы Дүйнөлүк Банктын финансылык жана техникалык колдоосу алдында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Кыргыз айыл чарба финансылык корпорациясы» катары түзүлгөн эле. 

Ал эми 2006-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы «Кыргыз айыл чарба финансылык корпорациясынын» базасында «Айыл Банк» ААКсын түзүү чечимин кабыл алган. 

Учурда: 

  • бизнес сыяктуу эле, жеке адамдар жана юридикалык жактар үчүн  жогорку сапаттагы финансылык кызмат көрсөтүүлөр сунушталып; 
  • кредиттердин жөнөкөй түрүнөн тартып, лизинг жана ипотекага чейинки кеңири мүмкүнчүлүктөр караштырылып;
  • Кыргызстандын бүтүндөй аймагы боюнча ишенимдүү тейлөө кызматы жөнгө салынып, филиалдар түйүнү эл кызматында; 
  • юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн эң эле ыңгайлуу AB24 жана AББизнес тиркемелери колдонууга киргизилип; 
  • контракттарды банктык коштоо жөнгө салынып;
  • ислам принциптери боюнча каржылоо иши жайылтылууда.

Мындан тышкары, көптөгөн башка ыңгайлуулуктар да иштелип чыгып, жакындан жардамга келип, эл камын көргөн Айыл Банкка карата ишенимди арттырууда. Демек, ушул жетишкендиктерге салым кошуп, калайык-калк, бизнес чөйрөсү менен алгылыктуу кызматташууну жөнгө салууга жетишкен эмгек жамаатынын ар бир мүчөсүнө терең ыраазычылык билдирүү менен бирге, улам жаңы жетишкендиктерди багындырып келген  иштерине орошон ийгиликтерди каалайбыз!
"Айыл Банк" - жакындан жардамга келген, ишенимдүү колдоочу!

← Тизме боюнча артка