Шылуундарга алдануудан сак болуңуз

11.11.2023

Шылуундарга алдануудан сак болуңуз

"Банктан байланышып жатам"- деп кардарларга чалган шылуундардын видеолорун интернет тармагынан көргөн чыгарсыз.

Шылуундардын жолун тосуу үчүн жана сиздин ушундай жагдайга кабылып калбооңуз үчүн бир нече нускамаларды эсепке алууңузду суранабыз.

"Айыл Банк" ААК атайын ойнотууларды уюштурган жатат, сизге акча каражатын которуу үчүн деп сизден: картаңдыздын номерин,PIN код,CVV/CVC ( картанын арткы бетинде кол коюу тилкесинде жазылган 3 сан) SMS ырастоолорду сураса жибербеңиз.

Шылуундар сиздин карта тууралу баардык маалыматтарды билип, картаңыздагы акчанын баарын которуп алышат.

Шылуундардын акча алуунун дагы бир ыкмасы бул шилтемелерди жиберүү.SMS, E-mail, мессенджер аркылуу келген ишенимсиз шилтемелерге да кирбеңиз.

Банк акча каражатын таркаткан эч кандай ойнотууларды уюштурган жок. "Айыл Банк" ААК сиздин акча каражаттарыңыз коопсуздукта болуусуна кызыкдар.

"Айыл Банк" ААК тууралуу баардык маалыматтарды банктын расмий баракчаларынан алыңыз.

“Айыл Банк” - сизге жакын!

← Тизме боюнча артка