"Айыл Банк" АКК менен АӨБ келишимге кол коюшту

15.12.2023

"Айыл Банк" ААК - өлкөнүн айыл чарба секторун каржылоочу ири Банк – "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү долбооруна"катышуу үчүн биринчи финансылык мекеме катары тандалып алынган.

2023-жылдын 13-декабрында аталган долбоордун негизинде кредиттик, гранттык жана долбоордук макулдашууларга кол коюлду. Долбоордун жалпы бюджети 40 млн. АКШ долларын түзөт, анын бир бөлүгү Айыл Банкка берилет.

Долбоордун алкагында Банк Агробизнестин чакан жана орто ишканаларына, анын ичинде агрегаторлорго, даярдоочуларга, кайра иштетүүчүлөргө жана жашылча-жемиш продукцияларын экспорттоо боюнча ишканаларга (алма, алмурут, өрүк, бадыраң, сарымсак, пияз, картошка ж.б.) кыйла структуралаштырылган кредиттик продуктыларды берет. Долбоордун жүрүшүндө кредиттик каражаттар айыл чарбасын кайра иштетүүчүлөргө инвестициялык максатта берилет. Бул кайра иштетүү жана сактоо өндүрүштүк кубаттуулугун жакшыртат, ошондой эле заманбап жана натыйжалуу кайра иштетүү, кампа жана муздаткыч заводдорун түзүү менен оруп-жыюудан кийинки жана сактоочу жоготууларды азайтат. Долбоор ички жана эл аралык рынокторго жаңы жана кайра иштетилген жашылча-жемиш продукцияларын жеткирүүнү көбөйтүүгө багытталган. Ошондой эле, долбоор эки багыт боюнча иштейт:

* Соода-логистикалык борборлорду, сактоочу жайларды, баштапкы кайра иштетүүчүлөрдү, даярдоочуларды, агрегаторлорду, логистикалык компанияларды жана башка мөмө-жемиш өндүрүү жана сатуу чынжырларын өнүктүрүүнү колдоо үчүн насыялоону көбөйтүүгө; 
* Жашылча-жемиш өстүрүүдө нарк чынжырларын бекемдөөгө.


Бүгүнкү күндө "Айыл Банк" ААК финансылык көрсөткүчтөр боюнча Кыргыз Республикасынын банктарынын арасында лидер-банк болуп саналат жана долбоордун биринчи финансылык институт-катышуучусу катары аккредитацияланган.


АӨБ 1966-жылы негизделген, анын акционерлери 68 өлкөдө иш жүргүзөт , алардын 49у аймактарда жайгашкан. Кыргыз Республикасы 1994-жылы АӨБгө кошулгандан бери аталган банк өлкөгө 208 кредит, мамлекеттик секторго жалпы суммасы 2,5 миллиард АКШ долларын түзгөн грант жана техникалык жардам бөлүп берген.

← Тизме боюнча артка