"Айыл Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы Т. Б Алимжанов "Мамлекеттик Менчикти Башкаруунун Отличниги"сыйлыгын алды

19.12.2023

Бүгүн, 18-декабрда ММБМАнын Директору Тургунбеков К.Т. жана ММБМАнын Биринчи Орун Басары Машиев М.А.  "Айыл Банк " ААКтын Төрагасы Т.Б.Алимжановго  натыйжалуу башкаруу жана таза пайданын жалпы көлөмүн эки жана андан көп эсеге көбөйтүүдө жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн «Мамлекеттик мүлктү башкаруунун отличниги» 2023-жылдагы мамлекеттик ишкананын мыкты жетекчиси номинациясында төш белгиси тапшырылды.

Бул сыйлык жетишилген натыйжалардын  көрсөткүчү гана эмес, 2023-жылдын жемиштүү жыйынтыктарынын көрсөткүчү – бул тынымсыз эмгек жана бүткүл компаниянын жыргалчылыгына кошкон чоң салым.

Биздин эмгегибизге берилген жогорку баа үчүн биз ыраазыбыз.

Жемиштүү кызматташуу үчүн  ыраазычылык билдиребиз жана келээрки жыл дагы натыйжалуу болооруна ишенебиз. Урматтоо менен "Айыл Банк" ААКсы.

← Тизме боюнча артка