«Айыл Банк» ААКсы VISAнын негизги жаңы катышуучусу болуп таанылды

27.12.2023

Бүгүн, 27-декабрда, Жаңы жылдын алдында «Айыл Банк» ААКсы VISAнын негизги жаңы катышуучусу болуп таанылды.

VISAнын Кыргызстандагы өкүлү Лидия Муратова «New Visa Principal Member» жана «Strategic synergy for a promising year ahead» аттуу эки сыйлыкты «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Т.Б.Алимджановго тапшырды. 

VISA International – дүйнө жүзү боюнча карталарды тейлөө тармагына ээ болгон эң чоң эл аралык төлөм системасы.

«Айыл Банк» ААК - бардык финансылык көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы орунда турган мамлекеттик банк болуп саналат.

2024-жылдын башында Айыл Банк VISA карталарын чыгарууну жана жемиштүү кызматташуунун башталышын пландоодо.

Айыл Банк - Сизге жакын!

← Тизме боюнча артка