"Айыл Банк" ААКтын терминалдары аркылуу салыктарды төлөө.

02.11.2016

Урматтуу кардарлар,

Салык милдеттенмелерди өз убагында төлөө үчүн “Айыл Банк” ААК жеке жактарга жана жеке ишкерлерге төлөм терминалдардын кызматтары менен пайдаланууну сунуштайт.

“Айыл Банк” ААКтын терминалдарында Сиз салыктардын төмөнкү түрлөрүн төлөй аласыз:

  • Милдеттүү патентке салык;
  • Ыктыярдуу патентке салык;
  • Жалданма жумушчуларга жеке киреше салыгы (патентке байланган);
  • Айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыгы;
  • Айыл чарбага багытталбаган жерлерге жер салыгы;
  • Короо жай участогу менен пайдаланганы үчүн жер салыгы;
  • Ишкердик иш үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө салык;
  • 2-топтогу ишкердик иш үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык;
  • 3-топтогу ишкердик иш үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык;
  • Жеке жактардын унаа каражаттарына салык.

Сиз убактыңызды үнөмдөйсүз!

Эми кезекке турууга муктаждык жок.

Салыкты төлөө үчүн төмөнкүнү билүү зарыл:

  • салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (ИНН);
  • мүлк объектисинин жайгашкан жери жана экономикалык ишти жүргүзгөн жери/ катталган жери;
  • унаа каражатынын мам. номери (унаага салык төлөнгөн учурда);
  • төлөөгө тийиш болгон салыктын суммасы (салык төлөнгөндө алынган комиссияны эске алуу менен).

Эгерде Сиз салыктын түрүн же жогоруда көрсөтүлгөн маалым даректеринин бирин туура эмес көрсөтсөңүз, анда салык органына кайрылыңыз болот.

Ашыкча төлөсөңүз, салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн өздүк эсебинде калат.

“Айыл Банк” ААК салыкты төлөгөндөн кийин, төлөгөндүгү жөнүндө чектин сакталышын камсыз кылуунун максатында, көчүрмөсүн алууну сунуштайт.

Өздүк эсебиңизге акча каражаттар өз убагында чегерилиши үчүн салыкты күн мурунтан төлөңүз.

Төлөнгөн салыкты, КРӨгө караштуу МСИнин сайтында көрсөтүлгөн, электрондук сервис аркылуу текшере аласыз (  http://ws2.sti.gov.kg/PaymentInfo/PayInfo.aspx). 

 

“Айыл Банк” ААКтын терминалдарынын тизмеси.

 

 

 

← Тизме боюнча артка