«Айыл Банк» ААК жаңы жылдык утуштарды өткөрбөйт

28.12.2023

«Айыл Банк» ААК жаңы жылдык утуштарды өткөрбөйт

Мессенджерлер аркылуу биздин жаңы жылдык утуш өткөрүп жаткандыгыбыз тууралуу жалган маалыматтар тарап жатат. Сураныч, шектүү шилтемелерге кирбеңиз жана биздин социалдык тармактардагы, веб-сайттагы маалымат менен салыштырыңыз же 5511 номерине чалыңыз (чалуу акысыз).

Финансылык коопсуздукту сактоо үчүн:

-Электрондук почта, мессенжердеги, чаттагы жана соцтармактагы билдирүүлөр аркылуу жөнөтүлгөн ар кандай шилтемелерге жана QR коддорго кирбеңиз!
-Өздүк картаңыздагы персоналдык маалыматтарды (карта номуру, жарактуу мөөнөтү, CVV2) эч качан үчүнчү жактарга көрсөтпөңүз!
-Бейтааныш Акция жана Ойнотуулар тууралуу сунуштардан баш тартыңыз!
-Банкоматтан акча чыгараарда карта салынуучу жерде башка буюмдар болбош керек.
-ПИН-кодду терүүдө бир колуңуз менен клавиатураны жаап туруңуз! 
-СМС-билдирүү жана мобилдик банкингди туташтырып алыңыз!

Биз биргеликте сиздин каржылык коопсуздугуңузду камсыз кылабыз!

Айыл Банк – Сизге жакын!

← Тизме боюнча артка