ОНЛАЙН КРЕДИТТИ 250 000 СОМГО ЧЕЙИН АЛСА БОЛОТ

06.02.2024

Урматтуу кардарлар, сиздер үчүн жагымдуу жаңылык бар! 2024-жылдын 31-декабрына чейин биз эмгек акы долбоорлорунун алкагында - онлайн кредит үчүн уникалдуу акциясын сунуштайбыз!

Кредиттин максималдуу суммасы: 250 000 сомго чейин;

Кредиттин мөөнөтү: 2-24 айга чейин;

Валюта: сом;

Пайыздык чен: жылдык 25% ( 2024-жылдын 31-декабрына чейинки акциянын алкагында);

Натыйжалуу пайыздык чен: 28,09%.

"Онлайн-кредит" кантип алса болот?

1-кадам. “АБ24” тиркемесине кирип, “онлайн-билдирме” баскычын басасыз. 

2-кадам. “Онлайн-кредит” бөлүгүнө киресиз. 

3-кадам. Кредиттин түрүн жана валютаны тандайсыз.  

4-кадам. Керектүү сумманы жана мөөнөтүн көргөзүңүз. 

5-кадам. Баарын толтурган соң, “улантуу” баскычын басасыз.

6-кадам. Андан соң, Сиз киргизген маалыматты жана 2 офертаны окуп чыгыңыз.

7-баскыч. Белги коюп, “улантуу” баскычын басасыз.

8-баскыч. СМС билдирүү аркылуу код келет, аны ырастаңыз. Арыз кабыл алынды.    

9-баскыч. Билдирменин макамын көрүү үчүн "каттоо" боюнча "тарыхка" өтүү керек. Сиз толтурган арыз кароодо турганын көрөсүз.  

10-баскыч: Сиз төмөнкүдөй СМС-жооп аласыз:

«Урматтуу кардар, Сиздин онлайн арызыңыз канааттандырылды жана кредиттик каражаттар картыңызга/эсебиңизге чегерилди;

«Урматтуу кардар, Сиздин арызыңыз четке кагылды. Кененирээк маалымат алуу үчүн Банктын жакынкы филиалынын кредит боюнча адисине кайрылыңыз»;

“AБ24” аркылуу өтүнмөнүн макамы да “канааттандырылды” же “четке кагылды” деп өзгөрөт".

Улуттук банктын №048 лицензиясы

← Тизме боюнча артка