Айыл Банк Ош шаарындагы “Агродиалог 2024” форумунда

01.03.2024

Айыл Банк Ош шаарындагы “Агродиалог 2024” форумунда
 
Өлкөнүн түштүк калаасы – Ош шаарында 2024-жылдын 29-феврал, 1-2 мартта Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл-чарбасы жана кайра иштеттүү өнөр-жай министрлиги тарабынан уюштурулган “Агродиалог 2024” республикалык агроөнөржай форуму өттү.

Форум – фермерлер сыяктуу эле, агрегаторлар үчүн да эң мыкты мүмкүнчүлүк. Анткени, мындай иш-чара анын бардык катышуучуларына айыл-чарба чөйрөсүндө иш алып барып жаткан алдынкы ишкерлер менен таанышып, пикир алышууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга, бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга, ошондой эле өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү чет өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзөт.

Бул форумга Банктын Төрагасынын орун басары Ж.Ж.Норузбаев, бөлүм башчылары жана Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун кызматкерлери катышышты.

"Айыл Банк" ААКсынын кызматкерлери В2В платформасында өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү, кардарларга кеп-кеңештерди беришти.

“Мындай форум өз учурунда өтүп жаткан зарыл иш-чара болуп саналат. Анткени, жаз мезгили башталары менен айыл-чарбасын каржылоо маселеси көтөрүлөт. Демек, ар бир кардар жана иш-чаранын меймандары кызыктырган суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк алышты”, деп белгиледи Банк Башкармасынын Төрагасынын орун басары Ж.Ж.Норузбаев.

Агроөнөржай комплексин кредиттөө долбоорун ишке ашыруунун алкагында Айыл Банк жалпы суммасы 4,2 млрд. сомдон ашкан 2,5 миң кредит берилди.


Бүгүнкү күндө Банк тарабынан 1,9 млрд. сом суммасына айыл-чарба техникаларынын 580ден ашуун бирдиги , 1000 баш асыл тукум мал лизинг шартында берилди.

← Тизме боюнча артка