Ислам Принциптери жана Санариптик Инновациялар: Айыл Банк ПЛАС 2024 форумунда

28.02.2024

Ислам Принциптери жана Санариптик Инновациялар: Айыл Банк ПЛАС 2024 форумунда

Айыл Банк Борбор Азиядагы мамлекетти, бизнести, сооданы жана коомду санариптештирүүгө арналган Бишкекте өткөн эң ири иш-чара – II эл аралык “Digital Kyrgyzstan” ПЛАС-Форумунда коло демөөрчү болду.

Башкармалыктын төрагасы Тилек Алимджанов форумда сөз сүйлөп, «Айыл Банктын» командасынын ислам каржылоо принциптерин жайылтуу жаатындагы иштери жана жетишкендиктери менен тааныштырып, бул тармакты ички рынокто өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.

«Айыл Банктын» жамааты вендор менен биргеликте ислам принциптерине ылайык кызмат көрсөтүү үчүн банк системасын модернизациялашты.

2024-жылдын 1-январына карата ислам принциптери боюнча номиналдык каржылоо портфели 228 миллион сомду, ал эми активдүү кардарлардын саны 160ты түздү.

Ислам принциптери, санариптик мүмкүнчүлүктөр: Айыл Банк.

 

← Тизме боюнча артка