Улуу Жеңиш күнүңүздөр менен!

09.05.2024

Ата-Мекенибиздин эркиндиги жана эгемдүүлүгү үчүн жанын аябаган бабаларыбыздын эрдигин эч качан эстен чыгарбайбыз. Ачык асман алдында, өркүндөп өсүү жолунда жашап жатканыбыз үчүн терең ыраазычылык билдирип, аларга таазим кылабыз.

 Ата-бабаларыбыздын ошол алыскы күндөрү басып өткөн жолу, алардын башынан өткөргөн кыйынчылыктары жана жеткен жеңиши ынтымак менен ырашкерликти даңазалоо менен ар дайым жүрөгүбүздүн түпкүрүндө түбөлүк сакталмакчы. Ар дайым асманыбыз ачык болуп, өлкөбүздө тынчтык жана кубаныч тартуулаган күндөр өкүм сүрсүн.

Майрамыңыздар менен достор! Жеңиш күнүңүздөр кут болсун!

← Тизме боюнча артка