"Айыл Банк" ААКсынын жетекчилиги, Ислам өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү

14.05.2024

2024-жылдын 14-майында  "Айыл Банк" ААКсынын жетекчилиги, Ислам өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.


Жолугушууда Айыл Банк үчүн айыл чарба жана атайын техникаларды, кайра иштетүүчү ишканалар үчүн машиналарды жана жабдууларды лизингге алуу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынын каражаттарынан 45,0 млн. АКШ доллары суммасындагы инвестициялык каржылоону тартуу боюнча долбоор талкууланды.


"2023-жылы Айыл Банкта ислам терезеси ачылган жана биз аны активдүү өнүктүрүүгө умтулуу менен бул багытка чоң маани беребиз. Бул үчүн негизги стимулдардын бири - төмөн тарифтер менен каржылоо мүмкүнчүлүгү. Айыл Банк айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик программасын ишке ашырат. Азыркы учурда бул секторду өнүктүрүүгө улуттук валютада төмөнкү тариф менен каржылоону сунуштайбыз.


Биз ошондой эле ислам каржылоосунун популярдуулугун эске алуу менен ислам терезеси боюнча программаларды өнүктүрүүгө кызыкдарбыз, бул багытта кызматташууга жана Кыргыз Республикасында ишке ашыруу үчүн сиздин сунушталган долбоорлоруңузду кароого даярбыз", - деди "Айыл Банк" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Т.Алимжанов.


Өз кезегинде Ислам өнүктүрүү банкынын башкы кеңсесинин долбоорлорду финансылык башкаруу боюнча жетектөөчү адиси Васим Абдул Вахаб долбоорлорго арткан кызыгуу жана алар менен кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирди.


"Кечээ биз КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде жолугушуу өткөрдүк. Анда биз сунуш кылынган долбоорду, анын түзүмүн, айыл чарбасын механизациялоо максатында насыялоону өнүктүрүү жолдорун карадык. Долбоордун талкууланып жаткан бюджети 45 миллион АКШ долларын түзөт, ал эки мамлекеттик банкка каржы берүү үчүн бөлүнөт", - деди ал.

Ошондой эле жолугушуунун алкагында долбоорду ишке ашыруу боюнча маселелер, мөөнөттөрү, негизги этаптары, жыйынтыктары жана мониторинги талкууланды.

← Тизме боюнча артка