Рекорддук өсүш: "Айыл Банк" ААКнын уставдык капиталы акцияларды ийгиликтүү чыгаруунун натыйжасында 16 467 480 сомго жетти

15.05.2024

Бүгүн, 15-майда Банктын акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны өтүп, анда "Айыл Банк" ААКсынын уставдык капиталын 406 566 нускада жөнөкөй акцияларды чыгаруу аркылуу (бир акциянын номиналдык наркы - 10 миң сом) 4 065 660 миң сомго көбөйтүү чечими кабыл алынды.

2024-жылдын 1-майына карата абал боюнча уставдык капитал 12 401 820 миң сом чегинде катталган. Капитал өлчөмү акционерден түшкөн каражат эсебинен көбөйтүлдү. Банк акыркы эки жылдан бери бардык негизги көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы сапка чыгып,  иш багытынын туруктуулугун жана калайык-калктын ишенимине ээ экендигин тастыктай алды.

Капиталдын көбөйтүлүшү иши алга илгерилеген, келечеги кең финансылык институт катары анын рыноктогу ордун андан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз.

____

← Тизме боюнча артка