"БЕРЕКЕ" мобилдик тиркемесинин бет ачар аземи

16.05.2024

"Айыл Банк" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Салык кызматы менен биргеликте "БЕРЕКЕ"жаңы мобилдик тиркемесинин расмий бет ачар аземине катышууга  чакыруу жөнөтүү менен бирге эле, маанилүү иш-чара 2024-жылдын 23-майында саат 10:00дө  Бишкек шаарынын Чокан Валиханов атындагы көчө 2 дареги боюнча "АЮ GRAND" соода борборунун биринчи кабатындагы "Атриум" залында өтө тургандыгын маалымдайт.

"БЕРЕКЕ" тиркемеси чакан жана орто бизнес ишкерлеринин түйшүгүн алда канча жеңилдетүү максатында иштелип чыккан. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар бизнес-процесстерди оптималдаштыруу, мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара иш-алып баруу шартын жакшыртуу жагында жаңы мүмкүнчүлүктөр менен кең-кесири таанышып, ар кандай кызыктуу жана таанып-билүүчү программаларына катышып, баалуу байгелердин (анын ичинде iPhone 15, Samsung Galaxy TAB A9 планшети+ Яндекс Станция 2  Алиса) ээси болуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Демек, жаңы ыңгайлуулук, иш алып баруу ыкмалары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

← Тизме боюнча артка