Кымбаттуу апалар!

19.05.2024

 «Айыл Банк» ААКсынын эмгек жамаатынын атынан “Энелер күнү” менен чын дилибизден куттуктап, ушул жаркыраган, жылуулук менен аруулукту тартуулаган жаздын күнү жылуу сөздөрүбүз менен аруу тилектерибизди арнап кетүүгө уруксат этиңиздер!

“Калыстыгы жок болсо эгер энелердин, оодарылмак жер жүзү бүт бир заматта”, демекчи, кымбатуу апаларыбыз, Сиздердин калыстыгыңыздар, жылуу сөз, төккөн мээримиңер менен камкордугуңар, уул-кыздарыңыздарга болгон арзуу, сүйүү сезимдериңиздер журтубуздун алдыга умтулуп, келечекке ишеним менен кароого олуттуу салымын кошуп келет. Силер берген дем жаңы бийиктиктерди багынтууга шарт түзүп, журтубуз үчүн эмгек кылууга күч кубат берип турат.

Алтындан артык апаларыбыз, ден соолугуңуздар бекем болсун, ар дайым бакыт менен урматтын кучагында жүрүңүздөр! Өткөргөн ар бир күнүңүз кубаныч менен коштолуп, жагымдуу тартуу-белектер менен толукталсын!

Урмат-сыйыбызды билдирип,
“Айыл Банк” ААКсынын эмгек жамааты

← Тизме боюнча артка