"Айыл Банк" ААК чакан жана орто бизнес ээлери үчүн "БЕРЕКЕ" мобилдик тиркемесин ишке киргизди 

23.05.2024

Бүгүн, 23-майда Бишкек шаарындагы "АЮ Гранд" соода борборунда "БЕРЕКЕ" банктык мобилдик тиркемесинин бет ачар аземи болуп өттү.  Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Мамлекеттик салык кызматынын, Улуттук банктын жана "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү, ошондой эле чакан жана орто бизнестин ишкерлери катышты.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө жаңы инновациялардын өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн маанисин баса белгиледи. Анын айтымында, "БЕРЕКЕ" тиркемеси ишкерлерге өз ишин башкарууну жеңилдетет.

“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы жана Мамлекеттик салык кызматынын колдоосу менен иштелип чыккан "БЕРЕКЕ" тиркемеси чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн салыктык жана каржылык операцияларды башкарууну жөнөкөйлөтөт. Бул ишкерлерге каржылык операцияларга кеткен убакытты үнөмдөп, өз ишканаларынын өсүшүнө көңүл бурууга мүмкүндүк берет”, - деди А.Жапаров. 

Ал эми "Айыл Банк" ААК Башкармалыгынын Төрагасы Тилек Алимжановдун айтымында, жаңы тиркеме ишкердикти өнүктүрүү үчүн маанилүү инструмент болот. Ал кошумчалагандай, процесстерди санариптештирүү кардарлар менен иштешүүнү жакшыртууга жана тейлөө сапатын жогорулатууга жардам берет.

Иш-чаранын алкагында бардык катышуучулар үчүн интерактивдик конкурстар уюштурулуп, кызыктыруучу баалуу белектер ойнотулду.

Жеңүүчүлөрдүн арасында - Жапарбек уулу Айбек жаңы iPhone 15 үлгүсүндөгү телефон, Рустам Султанов Samsung Galaxy TAB A9+ үлгүсүндөгү планшет жана Рустам Мукашев Алиса менен Яндекс станциясы 2 деген акылдуу колонка утуп алышты.

← Тизме боюнча артка