ОАО «Айыл Банк» Балыкчы филиалынын «Дордой Балыкчы» эт комбинатынын ачылышына катышты.

27.05.2024

2024-жылдын 25-майында ОАО «Айыл Банк» Балыкчы филиалы Балыкчы шаарында жаңы «Дордой Балыкчы» эт комбинатынын ачылыш аземине катышты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров катышты.

Банк бул иш-чарага катышуунун негизги максаты агроөнөр жай комплексине тартылган фермерлерди ОАО «Айыл Банк» аркылуу жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу тууралуу маалымдоо болду. Бул насыялар фермерлерди жана агрегаторлорду колдоого багытталган.

Ачылыш аземине Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын фермерлери чакырылган. Иш-чаранын жүрүшүндө банктын кызматкерлери фермерлерге жана агрегаторлорго 2024-жылдын 18-мартындагы №100-р токтому менен бекитилген агроөнөр жай комплекси (АПК) долбоорунун алкагында насыялардын шарттарын түшүндүрүп, консультация беришти.

АПК долбоорунун максаты – азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу. ОАО «Айыл Банк» агрардык секторду активдүү колдоону улантып, анын өнүгүүсүнө жагымдуу финансылык шарттарды түзүп берет.

← Тизме боюнча артка