Абайлаңыз: шылуундар тууралуу эскертүү!

28.05.2024

Урматтуу Айыл Банктын кардарлары!
Биз сиздерди телефон чалуулар жана АБ 24 колдонмосу аркылуу жүргүзүлүп жаткан алдамчылык аракеттери тууралуу эскертебиз. Каржылык коопсуздугуңузду камсыздоо максатында, өтө сак болуп, өздүк маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга, айрыкча бейтааныш адамдарга ачыктабоону сунуштайбыз.

  • Картаңыздын номерин;
  • ПИН-кодун;
  • Картанын мөөнөтүн;
  • CVV/CVC коддорун (коопсуздук коддору, картаңыздын арткы бетинде жайгашкан, акыркы 3 сан);
  • SMS-бекитүү коддорун;
  • Кредиттер жана депозиттер тууралуу маалыматтарды эч качан ачыктабаңыз.


Аферисттер банк кызматкери же башка ишенимдүү булак катары өздөрүн тааныштырып, сиздин каражаттарыңызга кирүүгө аракет кылышы мүмкүн.

Айыл Банктын кызматкерлери телефон аркылуу же колдонмо аркылуу бул маалыматтарды эч качан сурабай турганын эстен чыгарбаңыз.

Эгерде сиз шектүү аракеттерге туш болсоңуз же аферисттер сиздин маалыматтарыңызды алууга аракет кылып жатышат деп ойлосоңуз, дароо Айыл Банктын контакт-борборуна 5511 номерине (24/7, чалуу акысыз) кайрылыңыз.

Өзүңүздү жана каражаттарыңызды коргоңуз!

Урматтоо менен,
Айыл Банк.

← Тизме боюнча артка