"Айыл Банк" ААК: Сиздин финансылык бакубаттуулук үчүн ишенимдүү өнөктөшүңүз

30.05.2024

"Айыл Банк" ААК – мамлекеттик программалар боюнча активдүү иштеген жана жеке жана корпоративдик кардарлар үчүн кызматтардын кеңири чөйрөсүн көрсөткөн өлкөнүн ири банктарынын бири. Банктын тармагы республика боюнча 168 тейлөө түйүнүн камтыйт, бул биздин кызматтарды ар бир кардар үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат. Биз ар дайым сервисти жакшыртуу боюнча иш алып барабыз  жана биздин кардарлардын муктаждыктарына карай багыт алабыз.

Акыркы эки жылдагы Алдыңкы көрсөткүчтөр жана Ийгиликтер
"Айыл Банк" ААК рынокто алдыңкы позицияны ишенимдүү кармап турат. 2024-жылдын 1-апрелине карата абал боюнча, биздин негизги көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:

  • Банктын уставдык капиталы жакында 16 млрд 467,5 млн сомго жетет. Активдер 123,5 млрд сомду түзөт.
  • Насыялык портфель - 44,5 млрд сом.
  • Депозиттик портфель - 89,0 млрд сом.
  • 2024-жылдын алгачкы төрт айында салыктык чегерүүлөр 358,7 млн. сомду түздү.
  • 5 млрд 420 млн. 900 миң сом өлчөмүндөгү дивиденддер 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн бюджетине төлөнүп берилген.

Насыялоонун динамикасы
Насыялоо - биздин Банктын күчтүү жактарынын бири. 2023-жылы биз жалпы суммасы 31,0 млрд. сомдон жогору болгон 68,0 миңден ашык насыя бердик. 2024-жылдын алгачкы төрт айында 11,5 млрд.сомго 26,1 миң насыя берилген. Бул сандар кардарлардын биздин Банкка болгон ишенимин жана насыя программаларыбыздын натыйжалуулугун көрсөтөт.

Насыя арыздарын кароо процесстери өтүнмөлөрдү кароо мөөнөтү насыянын суммасына жана түрүнө, ошондой эле берилген документтердин көлөмүнө жараша болот. Күрөөсүз насыялар 1-3 жумушчу күндүн ичинде, күрөө менен камсыздалган насыялар 10 жумушчу күнгө чейин каралат. Процессти тездетүү үчүн бардык керектүү документтерди өз убагында жана толук берүүнү сунуштайбыз. Ошондой эле бардык чоо-жайын тактоо үчүн менеджерлерибиз менен кеңешүүнү сунуштайбыз.

Ишенимдүүлүк жана Туруктуулук
Биз "Айыл Банк" ААК өлкөнүн экономикасын колдогон, мамлекеттик программаларга катышкан жана кардарларды тейлөөнүн жогорку сапатын камсыз кылган ишенимдүү жана туруктуу финансылык институт болуп саналары менен сыймыктанабыз. Биз кардарларыбызга ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз жана каржылык бакубаттуулук жолунда сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз бойдон кала беребиз. Көбүрөөк маалымат жана консультация алуу үчүн биздин жакынкы филиалга барыңыз же ишеним телефону аркылуу биз менен байланышыңыз.

"Айыл Банк" ААК - Сиздин ишенимдүү финансылык өнөктөшүңүз!

 

← Тизме боюнча артка