Урматтуу ата-энелер жана балдар! 

01.06.2024

 

«Айыл Банк» ААК сиздерди Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктайт!

Бул күн бизге балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгүн эске салат. 

Балдар – биздин келечегибиз, жана биздин негизги милдетибиз – аларга бактылуу жана коопсуз балалыкты камсыздоо болуп саналат. Биз балдарга өнүгүүсү, билим алуусу жана бакубатчылыгы үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен ар бир балага мыкты дүйнө тартуулоого умтулабыз. 

Бардык балдарга бекем ден соолук, кубаныч жана бактылуу балалык каалайбыз. Ар бир күн күлкү жана кубаныч менен коштолсун, ал эми кыялдар ар дайым орундалсын! 

Урматтуу ата-энелер, балдарыңыздарга тартуулаган камкордугуңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Майрамыңыздар менен!

← Тизме боюнча артка