«Айыл Банк» ААКсы «Ирада» үй-бүлөлүк балдар үйүнө колдоо көрсөттү

01.06.2024

Бүгүн өзгөчө күн жана биз сиздер менен мыкты жаңылыгыбыз менен бөлүшкүбүз келет! Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата биздин сүйүктүү «Айыл Банк» Каракол шаарындагы «Ирада» үй-бүлөлүк балдар үйүн колдоону чечти.

Биз балдардын биздин келечегибиз экенине ишенебиз, ошондуктан биздин максат – алардын өсүп өнүгүүсү жайлуу шарттарды түзүү болуп саналат. Өзгөчө күндү майрамдоонун алкагында биз керектүү ресурстар менен колдоо көрсөтүү аркылуу балдар үйүнө жардам берүүнү чечтик.

Биз эмне кылдык?
Жаңы керебеттерди, шкафтарды, килемдерди, диван, отургучтарды, терезе пардаларды, ашкана гарнитурларын, муздаткычты, газ плитасын, бут кийимдер үчүн эмерек менен буу үтүгүн орнотуп бердик.

Биздин салымыбыз балдар үчүн өздөрүн коопсуз жана камкордукта сезе тургандай жылуу жана жаркын маанай тартуулашына ишенебиз.

Белгилей кетсек, "Ирада" балдар үйүндө 16 жылдан бери эмерек алмашкан эмес. Бул ушундай мекемелердин колдоонун жана балдардын жашоосу үчүн жайлуу шарттарды түзүүнүн канчалык маанилүү экендигинин далили

← Тизме боюнча артка