Урматтуу Айыл Банктын кардарлары!

10.06.2024

Биз сиздерге каржылык коопсуздугуңузду телефон чалуулар аркылуу болуп жаткан алдамчылык аракеттер тууралуу эскертебиз. Каржылык коопсуздугуңузду камсыздоо максатында, өтө сак болуп, өздүк маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга, айрыкча бейтааныш адамдарга ачыктабоону сунуштайбыз.

Айыл Банк Курман Айттын урматына белектерди (iPhone 14) таратпайт.

  • картаңыздын номерин;
  • пИН-кодун;
  • картанын мөөнөтүн;
  • CVV/CVC коддорун (коопсуздук коддору, картаңыздын арткы бетинде жайгашкан, акыркы 3 сан);
  • SMS-тастыктоо коддорун;
  • кредиттер жана депозиттер тууралуу маалыматтарды эч качан ачыктабаңыз.

Шылуундар банк кызматкери же башка ишенимдүү булак катары өздөрүн тааныштырып, сиздин каражаттарыңызга кирүүгө аракет кылышы мүмкүн.

Айыл Банктын кызматкерлери телефон аркылуу же колдонмо аркылуу бул маалыматтарды эч качан сурабай турганын эстен чыгарбаңыз.

Эгерде сиз шектүү аракеттерге туш болсоңуз жана шылуундар сиздин маалыматтарыңызды алууга аракет кылып жатканына шектенсеңиз, дароо Айыл Банктын байланыш-борборуна 5511 номерине (24/7, чалуу акысыз) кайрылыңыз.

Өзүңүздү жана каражаттарыңызды коргоңуз!

Урматтоо менен,
Айыл Банк.

← Тизме боюнча артка