Айыл Банк» ААК санариптик трансформация программасынын алкагында тапшырмаларды автоматташтыруу үчүн роботторду ишке киргизип жатат

20.06.2024

Айыл Банк» ААК санариптик трансформация программасынын алкагында тапшырмаларды автоматташтыруу үчүн роботторду ишке киргизип жатат

Кыргызстандын ири каржылык институттарынын бири «Айыл Банк» ААК өз бизнес-процесстерин жогорку деңгээлге чыгаруу жана алдыңкы технологияларды киргизүү иштерин улантууда. Санариптик трансформация программасынын алкагында бизнес-процесстерди роботтоштуруу технологиясын киргзүү долбоорун баштады. Программалык роботторду киргизүү – санариптештирүү жолундагы эң маанилүү кадам болуп саналат. Долбоор казакстандык Python RPA платформасында ишке ашырылган.

Программалык роботторду ишке киргизүү (RPA) кызмткерлердин ишин бир кыйла азайтат: өндүрүмдүүлүк жогорулайт, адамдык факторго байланыштуу каталардын болуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. Бул өзгөчө чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөөдө жана стандарттык операцияларды аткарууда өзгөчө маанилүү. Роботтоштуруу кызматкерлердин күнүмдүк аткарган жумушуна кеткен убакытты азайтат жана интеллектуалдык жумуш менен банктык операциялардын сапатына дыкат көңүл бурууларын шарттайт.

«Биз платформанын жардамы менен роботтоштуруу боюнча компетенциянын ички борборун түзүүнү пландаштырып жатабыз, ал жаңы шаймандарды жана роботтоштуруу ыкмаларын ыкчам киргизүү менен Банкка технологияда жана бизнес-чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө тез ыңгайлашууга мүмкүнчүлүк берет.   Борбордун иши өзүнө башка бөлүмдөр менен байланышты, күтүүлөрдү башкарууну жана роботтоштуруунун максаттары менен артыкчылыктарын камтыйт.   Банк карталык операциялардын эсептөө процесстерин баштады жана көпчүлүк күнүмдүк милдеттерин камтууну пландаштырууда», - деп «Айыл Банк» ААКтын роботтоштуруу долбоорунун жетекчиси Назира Молдоахунова белгиледи.

Python RPA тең негиздөөчүсү Мухамеджан Дузенов төмөнкүлөрдү кошумчалады: «Биз үчүн банктардагы долбоорлор эң маанилүүлөрдөн болуп саналат. Банктык кызматкерлеринин кызматкерлеринин күнүмдүк иштери роботтоштурууга идеалдуу түрдө туура келет. Казакстандын банктарынын көпчүлүгү Python RPA платформасын колдонушат жана биздин экспертизага чет өлкөлүктөр дагы ишеним көрсөтүп жаткандыгы бизди кубандырат».

Программалык роботторду ишке киргизүүнү «Айыл Банк» ААКта санариптик трансформацияга карата негизги ташталган кадам катары белгилешти.

Жаңы технологияларды киргизүү сервистин сапатын жогорулатуу жана каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгү үчүн маанилүү. Муну менен «Айыл Банк» ААК модернизацияга болгон даярдыгын жана кардарлардын муктаждыктарына тез аракет көрүүгө умтулуусун көрсөтөт. Банк  стратегиялык милдеттер менен инновацияларга өз аракеттерин багыттоо менен Кыргызстандын каржылык рыногунда санариптик технологиялар тармагында лидер болууга аракет жасоодо.

Маалымкат:

«Айыл Банк» ААК – мамлекеттик программаларды ишке ашыруучу жана сапаттуу банктык кызматтардын толук тизмегин көрсөтүүчү Кыргызстандын ири каржылык институттарынын бири. Банк инвестициялык банктык бизнестин, соодалык каржылоонун жана активдерди башкаруунун кызматтарын сунуштоо менен жеке кардарларды дагы, корпоративдик кардарларды дагы тейлейт.

Python RPA – Борбордук Азиянын программалык роботтоштуруу рыногундагы лидери. RPA технологиясы убакытты үнөмдөө жана каталарды кетирбөө үчүн компьютерде иштеп жаткан кишинин кыймылын туурайт.  Python RPA Казакстандын алдыңкы Altyn Bank, Отбасы банк, Казакстандын Өнүктүрүү банкы, BI Group, Air Astana, КТЖ, Интергаз Борбор Азия, Al Hilal Bank, Казакстандагы жана Филиппиндердеги Homecredit Bank, Integra construction, Qazcloud, Тартып, Atasu Group, Холдинг PTC компанияларында жана башка мекемелеринде колдонулат. Белгилей кетсек, Python RPA роботтору Казакстандан тышкары өлкөлөрдө дагы пайдаланылат: Кыргызстанда Айыл Банк жана Optima Bank, ошондой эле Бразилия, Филиппиндер жана АКШдагы трансулуттук компаниялары.

← Тизме боюнча артка