Айыл Банка 28 жыл!

02.07.2024

Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу кардарлар!
Бүгүн биз банкыбыздын 28 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул жылдар тынымсыз өнүгүүнүн, ийгиликтин жана шыктануунун жылдары болду. Бул маанилүү күндө ар бириңиздерге жалпы ишибизге кошкон жеке салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү күндө банктын негизги ресурстары кызматкерлерибиз болуп саналат, алардын башкы милдети – кардарларды сапаттуу тейлөө.

«Айыл Банк» 1996-жылы Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан фермерлер менен элеттик товар өндүрүүчүлөргө насыя бере турган «Кыргыз Айыл-чарба финансы корпорациясы» (КАФК) катары уюшулган. 2006-жылдын 27-декабрында КАФКтын базасында «Айыл Банк» ААК түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Акыркы жылдарда «Айыл Банк» өлкөбүздүн ири каржы институттарынын ичинде алдыңкы орунду ишенимдүү ээлеп келет. Биздин уставдык капитал 16,4 млрд сомду түзөт, бул биздин каржылык туруктуулугубуз менен ишенимдүүлүгүбүздүн далили болуп саналат. Биздин активдер 135, 4 млрд сомдон ашуун болсо, насыялык жана депозиттик портфелдер 45,6 млрд жана 102,4 млрд сомго чейин жетип, өсүүсүн улантууда. Бул маалыматтар жеке кардарлардын дагы, корпоративдик кардарлардын дагы бизге көрсөткөн жогорку ишеними менен лоялдуулугунун далили болуп саналат.

Өзгөчө салыктык чегерүүлөр аркылуу өлкөнүн экономикасына кошкон салымыбызды белгилегим келет, быйылкы жылдын акыркы 5 айында 656 миллион сомду түзсө, 2023-жылы өлкөнүн бюджетине төлөнгөн дивиденддер 5 млрд 420 млн сомду түздү.

«Айыл Банк» бүгүнкү күндө мамлекеттик АЧК жана АӨКН программаларын ишке ашыруу менен фермерлерге насыяларды берүү менен айыл чарбасындагы мамлекеттик программаларды жүзөгө ашырып келет, ошондой эле техниканы лизингге сатып алууга жардам берет. Лизинг киргизилгенден бери 16 миллиард 287 миллион сомго 7 495 техника бирдиги берилген.

«Айыл Банк» шариаттын ченемдерине негизделген Ислам каржылоонун негизинде кызматтарды көрсөтөт баштады жана кардарлар менен чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн колдоо максатында өзүнүн «АБ24» жана «БЕРЕКЕ» мобилдик тиркемелери аркылуу өздүк санарип сервистерин жигердүү өнүктүрүп келет. Бул тиркемелер банктын санарип кызматтарды илгерилетүүгө жана кардарлардын заманбап банктык технологияларга жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүүгө умтулуусун баса белгилейт.

Бул майрамдык маанайдагы күндө биздин кемчиликсиздикке умтулуубуз менен сиздердин кынтыксыз колдооңуздар «Айыл Банкты» бүт республика боюнча миңдеген кардарларга ишенимдүү жана туруктуу өнөктөш кылышты. Сиздердин ишенимиңиздер жана жалпы ишибизге болгон берилгендиктин жардамы менен биз ийгиликтин жана бакубаттуулуктун жаңы бийиктиктерге багытталган жолубузду улантабыз. Келгиле, ушул жетишкендиктер бирге белгилейли да, банкыбыз менен бүт өлкөбүздү жакшыртуу жана өнүктүрүүгө арналган ишибизди уланталы.

 

← Тизме боюнча артка