“Айыл Банк” кабель өндүрүүчү алгачкы заводду каржылады

05.07.2024

Электр зымдарын (кабель) чыгара турган ишкананын ачылышына өкмөт башчы Акылбек Жапаров катышты. Ал кабелдик продукциянын импортуна болгон көз карандылыкты азайтууда долбоордун мааниси чоң экенин белгиледи. Ошондой эле соңку жылдары кабелге болгон суроо-талап өсүп жатканын айтып, заводдун продукциясы импорттук аналогдорго салыштырмалуу арзан экенин кошумчалады.

«Айыл Банк» ААК бул маанилүү долбоорду ишке ашыруу боюнча өнөктөшү болуп, заводдун курулушу менен ишке киргизилишине 4 700 000 АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо бөлдү.

Жаңы завод 60 тоннага чейин алюминий, 30 тоннага чейин жез жана 150 тоннага чейинки көлөмдөгү чийки заттарды иштете ала турган алдыңкы жабдуулар менен жабдылган. Бул ишкана жергиликтүү калкты иш менен гана камсыз кылбастан, ички жана тышкы рынокто ийгиликтүү атаандаша турган ата мекендик өндүрүүчү боло алат. Заводдун ачылышы бир кыйла экономикалык пайдаларды алып келет: бюджеттин киреше бөлүгүнүн салыктардан жана башка жыйымдардан көбөйүшү, өнөр-жай ишмердигин өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана өлкөнүн импорттон көз карандылыгын азайтуу.


Биз «Айыл Банк» ААКтын экономикалык өнүгүүгө жана Кыргызстандын өнөр-жай дараметин бекемдөөгө салым кошо турган ушундай маанилүү долбоордун өнөктөшү болуп калгандыгы менен сыймыктанабыз.

← Тизме боюнча артка