"Айыл Банк" ААК тарабынан "Жеңилдетилген автокредиттөө" мамлекеттик долбоорунун алкагында "Улуттук Авто" кредиттик өнүмү ишке киргизилди.

19.07.2024

"Айыл Банк" ААК тарабынан "Жеңилдетилген автокредиттөө" мамлекеттик долбоорунун алкагында "Улуттук Авто" кредиттик өнүмү ишке киргизилди.

Бүгүн Кыргыз-Өзбек автомобилдерди чогултуу заводунун ачылышы болуп өттү. Бул "Жеңилдетилген автокредиттөө" долбоорунун алкагындагы маанилүү кадам, максаты – улуттук автомобилдик өнөр-жайды колдоо.

КРдин Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, "Айыл Банк" ААК жаңы "Улуттук Авто" кредиттик өнүмүн иштеп чыкты. Кредиттер мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле Кыргызстанда катталган жеке ишкерлерге жеткиликтүү. Жеке жактар үчүн кредиттин максималдуу суммасы 3 000 000 сомду түзөт, калган категориялар үчүн 100 000 000 сомго чейин. Пайыздык чен – 8%, кредиттөө мөөнөтү – 60 айга чейин.

20% баштапкы төлөм менен 2 000 000 сомго чейинки кредиттер үчүн унаанын өзү күрөө болуп саналат. 2 000 000 сомдон ашкан кредиттер үчүн кредиттин суммасынын 40% өлчөмүндө кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча камсыздоо талап кылынат. Ошондой эле, кредиттин бүтүндөй мөөнөтүнө унаа камсыздандырылышы милдеттүү.

Күрөө камсыздоосу жетишсиз болгон учурда Банк кредиттин суммасынын 50% га чейинки суммасына "Кепилдик фонду" ААКтын кепилдигин кабыл алат.

← Тизме боюнча артка