Кыргыз улуттук университетинде KNU INNOFEST - 2024 стартап фестивалы ийгиликтүү өттү, анда 12 студенттик команда өздөрүнүн уникалдуу бизнес-идеяларын көрсөтүштү.
Жаш ишкерлердин демилгелерин колдоп, иш-чаранын башкы демөөрчүсү катары «Айыл Банк» ААКсы чыкты. Эң кызыктуу жана келечектүү долбоорлор ишке ашырылышы үчүн мыкты идеяга ээ командалар акчалай сертификаттар менен сыйланышты.
Фестивалга “Айыл Банк” ААК Башкармалыгынын Төрагасы Алимжанов Тилек Буромбаевич катышып, студенттерди колдоо сөздөрүн айтып, экономиканы өнүктүрүү үчүн инновациялардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ошол эле күнү Айыл Банк менен КУУнун ортосунда студенттерди банк тармагында ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган меморандумга кол коюлду.