Кечээ, 3-декабрь, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнү белгиленди. Албетте бул күн бизге камкордук, теңдик жана колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн эске салат.

06.12.2024

Кечээ, 3-декабрь, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнү белгиленди. Албетте бул күн бизге камкордук, теңдик жана колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн эске салат.

Токмок психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде маанилүү иш-чара өткөрүлүп, анда «Айыл Банк» ААКсынын Башкармалыгынын Төрагасы Алимжанов Тилек Буромбаевич кайрымдуулук катары ашкана жабдууларын тапшырды. Бул кадам биздин социалдык баалуулуктарга берилгендигибизди жана жардамга муктаж жарандарга көрсөткөн колдообузду белгилейт.
Ошол эле күнү Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда «Үмүт шамы» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган салтанаттуу кечеде биздин төрага ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көрсөткөн колдоосу үчүн төш белгиси менен сыйланды.

«Айыл Банк» ААКсы социалдык демилгелерге активдүү катышууну мындан ары да уланта бермекчи.

Байланыш номуру: 5511
Сайт: www.ab.kg
Ишеним телефону: +996 (770) 551 100
WhatsApp: +996 990 55 11 00
E-mail: office@ab.kg
Почта дареги: 720040
 

← Тизме боюнча артка