2025-жылдын 27-февралында «Digital Kyrgyzstan» III эл аралык ПЛАС-форумунда «Айыл Банк» ААКсынын Башкармасынын төрагасы Тилек Алимджанов «Береке 2.0 — сиздин бизнес үчүн санарип жардамчыңыз» аталышындагы темада презентация жасайт! 

14.02.2025

Форумдун максаты - санариптик трансформациянын негизги аспектилерин талкуулоо үчүн мамлекеттик секторлордун, ишкерлердин, банктардын жана финтехкомпаниялардын алдыңкы эксперттеринин жана өкүлдөрүнүн башын бириктирүү менен тажрыйба алмашуу болуп саналат. Тилек Алимджанов «Береке 2.0» мобилдик тиркемеси бизнес процесстерди оптималдаштырууга жана финансылык башкарууну эффективдүү жүргүзүүдө ишкерлерге канчалык ыңгайлуу экендигин толук айтып берет.

Бизнес жүргүүздө сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз боло турчу «Береке 2.0» мобилдик тиркемесинин артыкчылыктары тууралуу толук маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! 

Катталуу үчүн шилтеме: https://dk.plus-forum.com/#dkg-regcards

 Форум 27-февралда «Sheraton Bishkek» мейманканасында өтөт. Дареги: Киев көчөсү, 148 В.

Сизди форумда күтөбүз! 

← Тизме боюнча артка