Айыл Банк Борбордук жана Чыгыш Европанын эң ири каржы форумунда!
CEEF 2025 — бул Вена шаарында өтүүчү 45 өлкөнүн алдыңкы банктары, инвесторлору жана саясатчылары чогулган аймактагы каржы рыногунун негизги форуму болуп саналат.
Кыргызстандын атынан “Айыл Банк” ААКсы эл аралык масштабдуу иш-чарага катышты.
2000ден ашуун катышуучу негизги инвестициялык тенденцияларды жана капитал рыногунун келечегин талкуулашты.
Дүйнөлүк каржы институттары менен болгон ишкердик жолугушуулар жана нетворкинг кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Биз өлкөбүздүн каржы секторун өнүктүрүп, эл аралык байланышты чыңдоону улантабыз!