Айыл Банк «Digital Kyrgyzstan» ПЛАС-форумунда чакан жана орто бизнес ишкерлери үчүн санарип продукттун сунуштады
Бүгүн, 27-февралда Айыл Банк III эл аралык «Digital Kyrgyzstan» ПЛАС-форумуна катышты. Башкарманын төрагасы Тилек Алимджанов чакан жана орто бизнес ишкерлери үчүн бизнес процесстерди оптималдаштырууга жана финансы каражаттарын натыйжалуу башкарууга жардам берген «Береке 2.0» мобилдик инновациялык санарип тиркемесин сунуштады.
Форум алдыңкы эксперттерди, мамлекеттик түзүмдөрдүн, банктардын жана финтех-компаниялардын өкүлдөрүн чогултту. Санариптештирүүнүн негизги маселелери талкууланды жана «Береке 2.0» тиркемеси өзүнүн ыңгайлуулугу, функционалдуулугу жана бизнестин өсүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрү менен катышуучулардын кызыгуусун жаратты.
Айыл Банк ишкерлер үчүн финансылык кызматтарды дагы жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу үчүн санариптик чечимдерди өнүктүрүүнү улантууда!