Айыл Банк дыйкандарды колдоо менен өлкөнүн агрардык секторун өнүктүрүүгө багытталган «Айыл чарбасын каржылоо — 13» долбоорунун алкагында жеңилдетилген кредиттер берилип баштаганын кабарлайт.
Жылдык чен болгону 10% (ЭПЧ — 10,47%). Дыйкан, фермерлер 50 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин 36 айга бөлүп төлөө жолу менен ала алышат.
Ал эми айыл чарба техникасын лизингге алуучулар үчүн 84 айга чейинки мөөнөткө 50 000 000 сомго чейин берилет.
Долбоор төмөнкү төрт негизги багытты камтыйт:
* Өсүмдүк өстүрүү
* Мал чарбачылыгы
* Сууларды үнөмдөчү сугаруу технологиялар
* Айыл чарба техникаларынын лизинги
Маанилүү: 300 000 сомго чейин күрөөсүз, ал эми бул суммадан жогору болсо, анда мүлктү күрөөгө коюу жолу менен берилет.
Мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары менен алектенгендерге мөөнөтү 36 айга чейин, ал эми айыл чарба техникасын лизингге алуучулар үчүн — 84 айга чейин берилет.
Бул долбоордун алкагында жеңилдетилген насыя алуу үчүн Айыл Банктын сизге жакын кеңсесине кайрылыңыз.
Толук маалымат алуу үчүн банктын расмий сайты https://www.ab.kg/ же 5511 номуруна байланышыңыз.
Улуттук банктын лицензиясы № 048