«Айыл Банк» «АЧК-13» долбоорун ислам принциптери боюнча ишке киргизди!
Биз «Айыл чарбасын каржылоо – 13» мамлекеттик программасынын ислам принциптери боюнча башталганын кубануу менен жарыялайбыз!
Бул эмнени билдирет?
Долбор Мурабаха бүтүмү алкагында, ислам принциптери боюнча ишке ашырылат жана шариатка толук жооп берет.
Аграрийлер 1 000 000 сомго чейин каржылоо ала алышат, мөөнөтү 36 айга чейин.
Кимдер катыша алат?
Фермерлер – бодо мал, кой-эчки, үй канаттууларын көбөйтүү, жем сатып алуу жана чарбаны өнүктүрүү үчүн.
Дыйкандар – дан, тоют жана техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү, жылууланган күнөскана өнүктүрүү жана суу үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү үчүн.
Суу үнөмдөөчү долбоорлор – тамчылатып сугаруу, суу сактагычтарды куруу жана заманбап сугат системалары үчүн.
Кантип иштейт?
Айыл Банк активди сатып алат жана кардарга мурун макулдашылган үстөк баа менен Мурабаха келишими аркылуу өткөрүп берет.
«АЧК-13» программасы Кыргызстандагы ислам каржылоонун жаңы этабы болуп, айыл чарба тармагынын туруктуу өсүшүнө салым кошот!