Абайлаңыз, шылуундардан сак болуңуз!
Акыркы убакта телефон аркылуу алдамчылардын тузагына түшкөн жарандардын саны көбөйүүдө. Шылуундар белгисиз номурлар менен чалып, өзүн банктын же кайсы бир уюмдун кызматкери катары тааныштырып, кеп учун улайт.
Алардын максаты — ишенимге кирип, жеке маалыматтарды, сырсөздү, SMS аркылуу келген коддорду алуу жана анын арты менен белгисиз бир шилтемелерге кирүүнү суранып, сиздин акча каражатыңызды өзүнүн эсебине которуп алуу.
Эсиңизде болсун, коопсуздук боюнча жөнөкөй эрежелерди сактаңыз:
Телефон аркылуу жеке маалыматтарды, PIN-кодду жана сыр сөздү эч кимге айтпаңыз.
Белгисиз шилтемелерге кирбеңиз жана текшерилбеген булактардын тиркемелерин уюлдук телефонунузга жүктөбөңүз.
Маалыматты текшериңиз — шектүү чалууларды байкап калган болсоңуз, дароо банктын расмий булактары аркылуу маалыматты тактаңыз.
Эгер сизди алдоого аракет кылганын байкап калсаңыз, маалыматты тактоо үчүн банктын расмий номуруна байланышыңыз!