«Айыл Банк» ААКсы рекорддук таза пайдасын — 7 млрд сомго жакын каражатты дивиденттерди төлөөгө, өлкөнүн бюджетине багыттайт
«Айыл Банк» ААКсы бир нече жылдан бери банк секторунда лидерлик позициясыны кармап, ишенимдүүлүктү жана жогорку каржылык натыйжаларды туруктуу түрдө көрсөтүп келет.
Бүгүн, 2025-жылдын 28-мартында, банктын жылдык жалпы акционерлеринин жыйыны өтүп, анда 2024-жылдагы каржылык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары чыгарылды. Жыйынга Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү, көзкарандысыз аудиторлор, ошондой эле банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармалыктын мүчөлөрү катышты.
Банк акыркы 3 жылда негизги каржылык көрсөткүчтөр боюнча таасирдүү натыйжаларды көрсөтүп жатканы белгиленди. Банк активдердин өсүшү, кредиттик портфель, депозит, капитал жана таза пайда боюнча туруктуу өсүштү камсыздап келет.
Банк атаандаштык чөйрөдө позициясын бекемдеп, кардарлар менен акционерлердин жогорку деңгээлдеги ишенимин тастыктап турат.
2024-жылдын каржылык жыйынтыктары туруктуу өнүгүү стратегиясынын ийгиликтүү ишке ашырылышын айкын чагылдырат:
Банк активдери — 157,0 млрд сом;
Таза пайда — 6 994,1 млн сом;
Кредиттик портфель — 50,5 млрд сом;
Акционердик капитал — 16,5 млрд сом;
Депозиттик портфель — 119,2 млрд сом.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча банктын таза пайдагысы 6 994,1 млн сомду түздү — бул өткөн жылга салыштырмалуу 27,7% жогору (2023-жылы таза пайда 5 млрд 426 млн 77 миң сомду түзгөн) жана банктын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп саналат.
Жыйында банктын санарип кызматтарын өнүктүрүү, кардарлардын тажрыйбасын жакшыртуу, жаңы өнүмдөрдү ишке киргизүү жана операциялык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча стратегиялык максаттары белгиленди.
Жыйында кабыл алынган негизги чечимдердин бири — 2024-жылдагы 6 994,1 млн сом көлөмүндөгү таза пайданын 100% дивиденддерди төлөөгө багыттоо болду.
Бул кадам банкты ири мамлекеттик каржылык уюмдардын бири катары стратегиялык маанисин баса белгилеп, республикалык бюджетти калыптандырууга, экономиканын өнүгүүсүнө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого олуттуу салым кошот.
2024-жылы «Айыл Банк» ААКсы санариптик трансформация жана туруктуу өнүгүү багытында бир катар маанилүү демилгелерди ишке ашырды:
Visa эл аралык системасынын төлөм карталары киргизилди;
Элкарт төлөм системасынын негизинде контактсыз төлөм каражаттары (шакектер, билериктер, стикерлер) ишке киргизилди;
Жеке ишкерлер үчүн «Береке 2.0» мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, ишке киргизилди;
ESG-стратегиясын ишке ашыруу боюнча жол картасы бекитилди;
Visa эл аралык төлөм системасынан HBR лицензиясы алынды;
Кардарлардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн виртуалдык карта киргизилди.
Бүгүнкү күндө «Айыл Банк» ААКсы — бул өлкөнүн миллиондогон жарандары үчүн ишенимдүү каржылык өнөктөш. Банк санариптик чечимдердин топтомун кеңейтип, туруктуу өнүгүү багыттарына инвестиция салып, сапаттуу банктык кызматтарды баарына жеткиликтүү кылууда.