Урматтуу өнөктөштөр жана кесиптештер!
Акыркы учурларда компанияларга жана уюмдарга карата ар кандай алдамчылыкка баруу сыяктуу кесепеттүү жагдайлар кездешүүдө. Ушундан улам, контрагенттер менен өз ара иш алып барууда жана финансы операцияларын жүргүзүүдө коопсуздук чараларын так сактап, өтө этият болууну өтүнөбүз.
Ошондуктан, төмөнкүдөй учурларга айрыкча көңүл бурууну сунуштайбыз:
- Кеңседе өзүңөр колдонгон компьютерлерде иштөө коопсуздугун так сактоону өтүнөбүз.
- корголгон байланыш каналдарынан пайдаланыөыз.
- Интернет-банкингде авторизацияланган маалыматтарыңызды (логин жана сырсөз) браузерде сактабагыла. Сайттар үчүн автосактоо функциясын колдонбогула.
- Расмий байланыш каналдарын колдонуу аркылуу контрагенттердин реквизиттерин жана маалыматтарын кылдат текшериңиз.
- Шектүү шилтемелерге өтпөгүлө жана жат бирөө жөнөткөн тиркемелерди ачпастан дароо өчүрүп салыңыз.
- Документтерге кол коюу алдында алардын аныктыгын жана туура таризделгендигин текшериңиз.
- Кызматкерлерди окутуудан өткөрүп, алдамчылыктын жаңы ыкмалары тууралуу үзгүлтүксүз маалымдап туруңуз.
- Кеңседеги компьютерлерге аралыктан башкаруу үчүн каралган программалык камсыздоолорду жана тиркемелерди орнотпогула.
Эгерде шектенүүлөр келип чыкса, дароо өзүңүздүн юридикалык бөлүмгө же укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштайбыз.
Өз каражаттарыңарды ишенимдүү сактап, “сактыкка - кордук жок экенин!” эсиңизден чыгарбаңыз!
Ишиңиздерге ийгилик каалап,
Айыл Банк