Урматтуу кардарлар, 

28.07.2025


Урматтуу кардарлар, 

«Айыл Банк» ААКсы Сиздерге Ижара мунтахийя биттамлик жаңы исламдык каржылык продукттун сунуш кылат.Эми аталган продукт аркылуу сизде төмөнкүлөрдү сатып алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар:

Атайын техниканы;

Айыл чарба техникасын, чүмкөмө жана чиркеме жабдууларды;

Коммерциялык кыймылсыз мүлктү;

Транспорт каражаттарын;

Машиналарды жана жабдууларды;

Өндүрүштүк жабдууларды;

Медициналык жабдууларды.

Ижара мунтахийя биттамлик деген эмне?

Бул, Шариаттын принциптерине ылайык, андан ары сатып алуу менен ижарага алуу формасы. Сиз катталган ижара акысын төлөө менен техниканы пайдалана бересиз, ал эми келишим мөөнөтү аяктагандан кийин техника сиздин менчигиңизге өтүшү мүмкүн.

Продукттун артыкчылыктары:

Ачык жана адилеттүү шарттар;

Исламдык нормаларга ылайык каржылоо;

Бизнесиңизди өнүктүрүү үчүн мыкты чечим.

 

Программа боюнча иштер жүрүүдө!
Банктын «Ислам терезеси» аркылуу каржылоо саясаты, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары жана Шариат стандарттары тарабынан тыюу салынбаган экономиканын кайсыл болбосун сектору үчүн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алыңыз 

Ижара мунтахийя биттамлик шарттары тууралуу толук маалыматты Банктын жакын жайгашкан бөлүмдөрүнөн ала аласыз.

← Тизме боюнча артка