«Айыл Банк» ААКсы кыймылсыз мүлкү сатууга сунуштайт

05.09.2025

«Айыл Банк» ААКсы Кыргыз Республикасынын Ош областынын Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айыл аймагынын Дароот-Коргон айылынын Ч.Сулайманов атындагы көчө 101 үй дареги боюнча 610,0 м² жер тилкесинде орун алган, негизги курулуш аянты 142,08 м² келген, баштапкы наркы 1 065 000,00 (бир миллион алты жүз элүү беш миң) сом өлчөмүндө белгиленген кыймылсыз мүлкү сатууга сунуштайт.

Сатып алуу ниетин көздөгөн талапкерлер кыймылсыз мүлктүн баштапкы наркынын 10% өлчөмүндөгү гарантяилык төлөмдү Банктын 1352119925319695 эсебине которууга/салууга тийиш. Сатып алуучулардын билдирмелери 2025-жылдын 8-октябрында саат 10:00гө чейин Бишкек шаарынны Я. Логвиненко атындагы көчө 14 дареги боюнча Банктын  Жалпы бөлүмүндө кабыл алынып, катталат.

Билдирмеде сатып алуучунун байланыш телефону, ал сунуштаган баа, мүлк боюнча маалыматтар, сатып алуучунун паспортунун көчүрмөсү көрсөтүлүшү зарыл.

Келип түшкөн  билдирмелер 2025-жылдын 8-октябрында саат 10:00дө Бишкек шаарынын Я. Логвиненко атындагы көчө 14 дарегинде ачылат.

Эң жогорку бааны сунуштаган жана гарантиялык төлөмдү төлөгөн талапкерлер жеңүүчү катары таанылат, сунушталган баалар бирдей чыгып калган шартта, билдирмени эртерээк тапшыргандар жеңүүчү болуп саналат.

Мүлктү тиешелүү органдарда каттоодон өткөртүүгө байланыштуу чыгашаларды сатып алуучу төлөйт.

Буга байланыштуу бардык суроолор  боюнча: +996 999 988 991 кайрылуу зарыл.

← Тизме боюнча артка