Айыл Банк «Агро Инвест 2025» форумунда
Бүгүн, 16-сентябрда, Айыл Банк Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган «Агро Инвест 2025» инвестициялык форумуна катышты.
Форум агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, азык-түлүк коопсуздугун жана туруктуу, инновациялык долбоорлорго инвестицияларды тартууну талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча болду.
Айыл Банк ар дайым айыл чарба секторунун ишенимдүү өнөктөшү. Биз айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүүнү активдүү колдойбуз жана фермерлер менен ишкерлер үчүн агросектордогу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү улантабыз.