Айыл Банк Ош шаарындагы карылар үйүнө жарым миллион сом бөлдү

03.10.2025

Айыл Банк Ош шаарындагы карылар үйүнө жарым миллион сом бөлдү

Карылардын эл аралык күнүнө карата Айыл Банк Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте Ош шаардык мэриясынын алдындагы «Боорукердик» социалдык мекемесинин жашоочулары үчүн майрамдык иш-чара уюштурду.

Биз улуу муун өкүлдөрүнүн жашоосун дагы да ыңгайлуу жана жайлуу кылуу максатында 500 000 сом бөлдүк. Бул колдоонун аркасында карылар үйүндө төмөнкү шарттар жакшыртылды:

  • 30 жаңы керебет (ортопеддик матрастары менен)
  • 10 шкаф
  • жумшак дивандар

Мекеме жашоочулары жаңыланган эмеректен сырткары, мэрия менен биргеликте даярдалган концерттен ырахат алышты.

Айыл Банк Кыргызстандагы улгайган адамдарды колдоого жана социалдык долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди мындан ары да колдойт.

Байланыш телефону: 5511
Сайт: www.ab.kg

Ишеним телефону: ‪+996 (770) 551 100‬
WhatsApp: ‪+996 990 55 11 00‬
E-mail: office@ab.kg

Почта дареги: 720040.

КРУБ лицензиясы № 048 | Лицензия НБКР № 048.

 

← Тизме боюнча артка