Айыл Банк Тоң районунда жаңы филиалын ачты!
Бөкөнбаев айылында Айыл Банктын жаңы филиалынын ачылыш аземи болуп өттү.
Эми бул аймактын жашоочулары жана ишкерлер заманбап банк кызматтарын район аймагынан чыкпай эле пайдалана алышат.
Банктык баардык кызматтар жеткиликтүү: эсеп ачуу, акча которуу, депозиттер, валюта алмаштыруу, кредит жана лизинг.
Айрыкча фермерлерди, дыйкандарды, чакан жана орто бизнести колдоого өзгөчө көңүл бурулган.
Филиалда ар бир кардарга жардам берүүгө даяр 17 адистен турган команда иштейт.
Айыл Банк — Сизге жакын!