“Айыл чарбаны каржылоо - 5” Долбоору башталганы жөнүндө маалымат.

20.02.2017

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы №58 Токтомуна ылайык, “Айыл Банк” ААК “Айыл чарбаны каржылоо - 5” Долбоору башталганы жөнүндө маалымдайт.

Ушул Долбоор Кыргыз Республикасынын ишкердик субъектилерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоону көрсөтүүгө, 2017-жылдын жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүүгө жана мал чарбачылыкты, дыйканчылыкты, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагындагы тейлөө кызматтардын мындан аркы өнүгүүсүнө багытталган.

“Айыл Банк” ААК каржылоону төмөнкү негизги шарттарда жүргүзөт:

Максаттуу иш багыттары

Дыйканчылык, мал чарбачылык, айыл чарба продукциясын иштетүү жана кайра иштетүү, ошондой эле экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү

Аяккы пайыздык чен

жылдык 10 пайыз –“мал чарба” тармагы үчүн;

жылдык 10 пайыз – “дыйканчылык” тармагы үчүн;

жылдык 6 пайыз – “айыл чарба продукциясын иштетүү жана кайра иштетүү” тармагы, ошондой эле экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү үчүн.

Насыянын мөөнөтү

 “мал чарба” тармагы үчүн – 36 айдан ашык эмес;

“дыйканчылык” тармагы үчүн - 36 айдан ашык эмес;

“айыл чарба продукциясын иштетүү жана кайра иштетүү” тармагы, экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү үчүн - 36 айдан ашык эмес

Жеңилдетилген мезгил

Бересенин негизги суммасы боюнча төлөмдөрдөн толук бошотуу 6 айга чейин.

Жеке насыялар боюнча 100 (жүз) миң сомго чейинки өлчөмдө насыя каражаттары, Аксакалдар/ Айыл кеңеши тарабынан жазуу түрүндөгү сунуштамасы бар болсо, күрөөсүз, 12 айга чейинки кайтаруу мөөнөтү менен берилиши мүмкүн. Ошону менен бирге ушул максаттарга багытталган сумма насыялоонун жалпы суммасынын 5%нан ашпашы керек.

 

← Тизме боюнча артка