Айыл Банк алгачкы Туруктуу өнүгүү отчетун жарыялады

10.12.2025

 Айыл Банк алгачкы Туруктуу өнүгүү отчетун жарыялады

Айыл Банк» 2024-жылдын Туруктуу өнүгүү боюнча биринчи отчетун сунуштады. Бул документ Банктын ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана коом менен түз диалогду кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Отчет GRI (2021) стандарттарына ылайык даярдалып, анда МСФО S1/S2 талаптары, финансылык сектор үчүн SASB стандарттары жана Кыргыз биржа фондунун туруктуулук, климат жана корпоративдик башкаруу боюнча сунуштары эске алынды.

 Документти түзүүдө кош маанилүүлүк ыкмасы колдонулуп, Банктын ишмердүүлүгүнүн экономикага, коомго жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, ошондой эле ESG-факторлорунун туруктуулугу бааланды.

 Мындан сырткары, биринчи жолу Банктын парник газдарынын чыгындылары scope 1, scope 2 жана scope 3 боюнча эсептелди. Ошондой эле кредиттик портфелдин каржыланган эмиссиялары талданды.

Бул негизги жашыл каржылоо, ESG-продукттарын жана экологиялык-социалдык демилгелерди өнүктүрүүгө болгон багытын чагылдырат. 

← Тизме боюнча артка