2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Айыл Банктын мыкты кызматкерлери сыйланды
2025-жылдын 26-декабрында ОАО «Айыл Банкта» жыл жыйынтыгы менен өз ишинде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү.
Бул сыйлык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн, жоопкерчилигин жана банктын өнүгүшүнө кошкон салымын баалоо болуп саналат. Сыйланган кызматкерлер кардарларды тейлөө сапатын жогорулатууда, банктык процесстерди өркүндөтүүдө жана стратегиялык максаттарды ишке ашырууда өздөрүн мыкты тараптан көрсөтүштү.
Банктын жетекчилиги мыкты кызматкерлерди куттуктап, алардын тажрыйбасы жана ишке берилгендиги Айыл Банктын позициясын мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Айыл Банк ар бир кызматкердин эмгегин жогору баалайт жана кесиптик өсүү, командалык иш жана туруктуу өнүгүү үчүн шарттарды түзүүнү улантат.
Сыйлыкка татыган кызматкерлердин тизмеси төмөндө берилет.
https://ab.kg/guarddog/laravel-filemanager/files/shares/nagrady-po-itogam-goda.xlsx